Президент Алмазбек Атамбаев Татарстандын мамлекет башчысына көңүл айтты

3 июль 2017 13:30 523 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Президент Алмазбек Атамбаев Татарстандын Самара-Ижевск унаа жолунда болгон жол кырсыгынан адамдардын өмүрү кыйылган кырсыкка байланыштуу Татарстандын лидери Рустам Миннихановго көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө жетекчисинин көңүл айтуу телеграммасында ондогон адамдардын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу Кыргызстан элинин жана өзүнүн атынан мерт кеткендердин жакындарына көңүл айтары, кырсыкта жараат алгандар батыраак аыгып кетиши айтылган.

Белгилей кетсек, кечээ, жекшемби түнү Самара-Ижевск жолунда жүк ташуучу унаа менен автобус сүзүшүп, кырсыктын айынан 14 киши каза тапкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content3404



Добавить комментарий