Путин Федералдык күзөт кызматынын ыйгарым укуктарын кеңейтти
Орусия президенти Владимир Путин Федералдык күзөт кызматынын (ФКК) ыйгарым укуктарын кеңейткен мыйзамга кол койду. Бүл тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдайт.
Документ 1-июлдан тарта күчүнө кирди.Эми ФКК өзгөчө кайтаруудагы адамдардын персоналдык маалыматтарын сактоо мүмкүнчүлүгүн алды. Мамлекеттик чиновниктердин жашаган жери жана кайда барары тууралуу кабарларды таратууга дагы тыюу салынды.
"Трансперенси Интернешнл – Орусия" антикоррупциялык борборунун талдоочуларынын пикиринде, мыйзам мамлекеттик жетекчилер тууралуу маалыматтардын таптакыр жоголуусуна алып келет.Мамдумадагылар жаңы мыйзам мүлк жана киреше тууралуу маалыматтарды алууга жолтоо болбойт дешүүдө.
Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Василий Пискарев кол салуулардын алдын алуу үчүн аткаминерлердин жашаган жана бара турган жери тууралуу гана маалыматтар сыр сакталарын айтты.ФКК аэропортторду жана башка транспорттук аянтчаларды пайдаланууга укук алууда.
Мындан тышкары кызмат протоколдук жолдордо жол кыймылдарын чектей алат.Орусия президенти Федералдык күзөт кызматынын укуктарын кеңейтүү тууралуу мыйзам долбоорун февралда сунуштаган. Мартта кызматка мамлекеттин керектөөлөрү үчүн жер тилкелерин алып коюуга мүмкүнчүлүк берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/content3394
Добавить комментарий ×