Видеохит: акулалардын мушташы бир топ адамдардын көңүлүн бурду

3 июль 2017 12:02 688 Barometr
Бөлүшүү:
ok
 
Жырткычтардын күрөшү тартылган видео ролукти беш миллтондон ашык адам көргөн.
 
Суу жырткычтар болгон акулалардын күрөшүн ар дайым эле көрүүгө мүмкүн эмес. Алар Американын Флорида штатындагы Окалуза аралынын жээгинде бир нече топ адамдын көңүлүн өзүнө бурган.
 
Окуя учурунда Стефани Стивенс Эдкок бул жагдайды сүрөткө жана видеого тартып “Фейсбук” баракчасы аркылуу бөлүшкөн. Анын айтымында, жээке жети акула сүзүп келишкен. Эс алуучулар аларды көргөндө суудан качып чыгышкан. Ал эми ал учурда анын баласынын досу сууда сүзүчү снорклинг менен сүзүп жүргөн.  Эдкоктун күйөөсү ага суудан чыгууга жардам берген. Жыйынтыгында эч ким жабыркаган эмес.
 
Ошол эле учурда бир топ адам эки акуланын жээктеги күрөшүнө күбө болушкан. Деңиз жандыктары жээктен 60 сантиметр аралыкта сүзүп жүрүшкөн. Болжолдуу түрдө 10 мүнөттөй болуп, кайрадан сүзүп кетишкен. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3393



Добавить комментарий