Лионель Месси үйлөндү!
Дүйнөлүк футбол спортунун жылдызы, белгилүү аргентиналык футболчу Лионель Месси 30-июнда үлпөт тоюн өткөрдү. 30 жаштагы футболчу эки уулдун энеси болгон сүйүктүүсү Антонелла Рокуццо менен расмий никеге турду.
250дөй конок чакырылган түгөйлөрдүн үлпөт тоюндагы коопсуздуктү жүздөгөн күзөтчүлөр камсыздап, тойду чагылдырууга 150дөй журналист катышкан.
Футболчунун кубанычын теӊ бөлүшүү үчүн "Барселонанын" оюнчулары: Неймар, Луис Суарес, Жерар Пике аялы ырчы Шакира менен келишкен. Кызыгы, кечеге Месси менен бир кезде чогуу иштешкен Диего Марадона, Хосеп Гвардиола жана башка машыктыруучулар чакырылган эмес. Белгилей кетсек, Месси Антонелла Рокуццо менен бала кезинде таанышкан.
Кичинекей Лео анын бир тууган агалары менен футбол ойноп чоңойгон. 2012-жылы алардын тун уулу төрөлгөн. Ата-эне ага Тьяго деген ысым ыйгарган. 2015-жылы экинчи уулу төрөлүп, Матео деген атты коюшкан.
Булак:super.kg
Ссылка: https://barometr.kg/content3379
Добавить комментарий ×