Байыркы түрк жазма эстеликтери жана аларды сактоо маселелери аттуу конгресс өткөрүлдү

31 май 2016 17:51 1072 Barometr
Бөлүшүү:
ok

  Кыргыз-Түрк  «Манас» университетинде  25-26-май күндөрү «Байыркы түрк  жазма эстеликтери жана аларды изилдөөдөгү актуалдуу маселелер» конгресси  өткөрүлдү.  

    Бул конгресс  “Түрк тил коомунун” жана  жогоруда аталган университет тарабынан  уюштурулган. Иш-чаранын демилгечилеринин бири жана профессор, доктор Женгиз Алйылмаз  конгресстин максаты тууралуу айтып берди: “  Түрк  дүйнөсүнү, Россиянын, Монголия жана Кыргызстандын көп жерлеринде  байыркы түрк жазуулары. Биздин максатыбыз аларды изилдеп жана  жазууларга байланыштуу маселелерди талкулоо.  Тилекке каршы, мындай эстеликтердин көбү  музей эмес, ачык  жерлерде  табылып жатат. Биз алардын изилдеп, музейлерге жайгаштырууну ниет кылдык” – деп, конгресске  төрт  өлкөдөн, 25 окумуштуу адамдар менен бирге  мугалимдер, студенттер катышышкандыгын кошумчалады.

     “Манас” универистетинин  ректору, профессор, доктор  Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор, доктор Асылбек Кулмырзаев иш-чаранын ачылышында -байрыкы түрк жазуулары   түрк тарыхынын эң маанилүү  баалуулуктарынын бири жана   быйылкы Тарых жана маданият  жылында  өткөрүлүп жаткандыгы  менен өзгөчө экендигин белгилешти.  

   Эки күндүк иш-чаранын ичинде 4 отурум болуп, түрк жана кыргыз окумуштуулары   негизги  темага   байланыштуу  докладдарын  сунушту.  Түрк   окумуштуусу, изилдөөчү  Женгиз Алйылмаз өзүнүн  докладында, Орхон-Енисейден баштап байыркы түрк жазуулары  калган жерлерди  шакирттери менен бирге тапкандыгын айтты. Ал үчүн дүйнөдөгү бардык алфавиттерди билүү керек. 3600-4000 м бийиктиктеги  катаал шарттарда  табылган жазуу эстеликтериндеги карактерлер  саны 10252ге жетип, электрондук негизде сакталган 586 жазуу бар, алар  учурда  музейлерде сакталып  келет.

   Ал эми  кыргыз окумуштуусу, профессор, доктор  Кадыралы Конкобаев: “Конгресстин ичинде  кыргыз маданиятында орду бар байыркы эски жазуулары  жөнүндө  көп  жаңы  маалыматтар жарыяланды. Мындан ары да изилдөөлөр уланып,  башка  өлкөлөрдө  өтө турган саамалыкка айланмакчы. Дагы бир негизи,  азыркы жаштарды агартуу болуп саналат.  Себеби,  бизди кейиткен нерсе-жаштарыбыз  эски жазуулар бар эстеликтерге  маанисиз сүрөттөрдү тартып,  жазууларды калтырып кетишкен.  Убагында калк сыйынган  мазарларга мындай  мамиле жасоо абдан жаман жорук. Аларды   корукка алуубуз зарыл” – деди.

      Мындан сырткары, КТМУнун философия бөлүмүнүн башчысы, профессор, доктор  Жамгырбек Бөкөшов Орхон-Енисей жазууларындагы  философиялык идеялар тууралуу докладын окуду. Анда  Күлтегиндин кичи жазуусу изилденген. Ал жазуулар теңирчиликтен башталып,  теңирдин түшүнүгү өзүнчө бир система,  жана аны теологиялык  категория катары кароого болоорун   белгилеп: “ Бүгүнкү түрк адамы болуш жана ал ким экендигин  ойлонгонго тиешеси бар, ошондон сабак ала турган, турмушта пайдалана турган  деңгээлге  көтөрөбүз десек, жазуу эстеликтерин лингвистикалык, филологиялык  анализдер менен чектелбестен, андан ары да изилдөө абзел” – деген пикирин билдирди.

       Конгресске  өз докладын сунуштап, чет өлкөдөн катышкан  казак окумуштуусу Непил Базылхан  интервьюсунда  иш-чара тууралуу оюн билдирди: “Бул конгресс  мыкты деңгээлде өттү.  Казакта жакшы сөз бар “Тарыхын билбеген калк-өзүн унутуп кетет”. Тарыхын билген элдин келечеги кең болот дейт. Ошондуктан байыркы ата-бабаларыбыз колдонгон байыркы түрк жазуларын билүү, үйрөнүүбүз  зарыл”.

  Иш-чаранын жүрүшүндө  , “Түрк тил коомунун” башчысы Мустафа Качалынга, Түркия мамлекетинин  Бишкектеги элчиси  Метин Кылычка, чет элден келген конокторго жана катышуучуларга белектер тартууланды. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content337



Добавить комментарий