"Манас" аэропортунда спортчулардан акча талап кылган милиционерлер жумуштан айдалышты

1 июль 2017 12:56 656 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Манас" аэропортунда чет элдик спортчулардан акча талап кылган эки милиция кызматкери жумуштан айдалды. Бул тууралуу кечээ, 30-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин жергиликтүү телеканалдардын бирине снукер боюнча Азия чемпиондугуна катышуу үчүн Бишкекке келген чет элдик спортчулар "Манас" аэропортунда милиция кызматкерлери акча талап кылышканын айтып беришкен. Алардын бири Ирандан келген Хамедден "тыюу салынган жерден чылым чеккениңер үчүн айып төлөгүлө" деп 500 сом алып койгон. Бирок милиция кызматкерлери ага айыпты төлөгөнү боюнча эч кандай расмий кагаз көргөзүшкөн эмес.


ИИМдин маалыматына караганда, жогорудагы видеотасма боюнча иликтөө жүрүп, эки милиция кызматкери иштен бошотулган. Андан сырткары ички иштер органынын тартип уставында көрсөтүлгөн милдеттерин так аткарбагандыгы үчүн Аба транспорттук жол бөлүмүнүн башчысы сөгүш алды.


Ал эми кызматтык иликтөө боюнча жыйынтыгынын көчүрмөсү юридикалык жактан баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/content3347



Добавить комментарий