Нарын ресторанынын жер тилкеси сатылбайт

1 июль 2017 12:40 471 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Нарын ресторанынын жер тилкеси сатылбайт. Анын ордуна беш жылдыздуу мейманкана салынат. Бул тууралуу жер тилкесине ээлик кылган «ДеХеКо ЛТД” мекемесинин расмий билдирүүсүндө айтылат. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агентиги билдирди.
 
2017-жылдын 29-июнунда бир катар ММКларда Бишкекте орун алган Нарын ресторанынын жер тилкеси сатылаары боюнча маалымат таркаган.
 
“Бул билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Жерге 2004-жылы сатып алган «ДеХеКо ЛТД» ээлик кылат. Учурда ал жерде эл аралык стандарттагы беш жылдыздуу мейманкана салуу иш аракеттери көрүлүп жатат”,-деп жазылат маалыматта.
 
Компаниянын билдирүүсүндө инвестициянын жалпы көлөмү 100 млн АКШ долларды түзөт. Ошондой эле, жаңы обьектинин курулуш иштери жакынкы аралыкта башталат.

Ссылка: https://barometr.kg/content3341



Добавить комментарий