Президент ӨКМдин кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды
Бөлүшүү:
Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн көп батирлүү үч турак үйдүн ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Мамлекет башчысы өзгөчө кырдаалдар ведомствосунун кызматкерлерин жаңы конушу жана кесиптик майрамы менен куттуктады. “ Мен үчүн дагы бүгүнкү күн өзгөчө күн, майрам күн, силерге окшоп. – деди Алмазбек Атамбаев.- Акыркы алты жылдын ичинде мамлекетибиз абдан өзгөрдү. Ошол кезде 20-30-жылдан бери үйү жок жүргөн аскер адамдарына, ӨКМ, УКМК кызматкерлерине мамлекет үй курат деп ким ойлойт эле. Акыркы үч жылдын ичинде жаңы үйдүн ачкычтарын тапшыруу жакшы салтка айланып калды. Биздин карапайым кыргыз элибизге рахмат, бардыгына чыдаган, сабырдуулук кылган, ишенип Президентти колдоп берген сиздерге ырахмат”.
Мамлекет башчысы кызматтык милдетин ак ниет аткаргандыгы, үлгүлүү аскердик тартиби үчүн, ошондой эле Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу ведомствонун 7 кызматкерин Президенттик саат менен сыйлады.
Президент Өзгөчө кырдаалда министри Кубатбек Бороновго жаңы үйлөрдүн алдына балдар үчүн аянтчаларды курууга 300 миң сомдук сертификат тапшырды.
Ссылка: https://barometr.kg/content3314
Добавить комментарий ×