АКШда алты өлкөнүн жарандарынын кирүүсүнө киргизилген чектөө иштеп баштады
Алты мусулман өлкөнүн жарандарынын Кошмо Штаттарга кирүүсүнө тыюу салган эреже күчүнө кирди. Бул Иран, Ливия, Сомали, Судан, Сирия жана Йемен.
Жаңы чектөөлөргө ылайык, аталган өлкөлөрдүн жарандарына эгер алардын АКШда туугандык же жумуш боюнча байланышы жок болсо киргизилбейт. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Алты мусулман өлкөсүнүн виза алууга бел байлаган жарандарынын АКШда жакын үй-бүлө мүчөсү - жубайы же жолдошу, баласы же кызы, күйө баласы же келини, ошондой эле бир тууганы жашап турууга тийиш.
Ошол эле учурда чоң ата-чоң энеси, ага-ининин балдары болсо, анда виза берилбейт.Мурда пландалгандай, виза алуу алдындагы маектешүү жокко чыгарылбайт. Бирок АКШга баруу үчүн арыз тапшыргандардын баары Кошмо Штаттардагы туугандары же компаниялар менен жакшы мамиледе экенин далилдеп, текшерүүлөрдөн өтүшү шарт.
АКШда бозгундарды кабыл алууну 120 күнгө токтотуу жана жылына алардын санын 50 миң адамга чейин чектөө эрежеси дагы күчүнө кирди.
Ошол эле маалда АКШда туугандары бар качкындардын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берилүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content3308
Добавить комментарий ×