Жер планетасынан адамдар көчүүлөрү керек

30 июнь 2017 15:21 1408 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Британиялык окумуштуу Стивен Хокинг “Алдыдагы 30 жылда адамзат Жер шарынан көчүү керек”,- деп айтып чыкты.

Аталган физиктин билдирүүсү боюнча, ушу 30 жылдын ичинде Айда база орнотууга болот. Ал эми Марста орнотуу 30 жыл убакыт керектелет.Хокинг аталган асман жерлерине өсүмдүтөр менен жаныбарлардын, козу карындарды тажрыйба ирээтинде жиберүүнү сунуштады.

«Менин оюмча адамдар Жер планетасынан жакынкы убактарда көчүлөрү керек. Себеби, мындагы биздин физикалык ресурстарыбыз тездик менен азайып баратат», – деп маалымдады белгилүү окумуштуу.

Хокингтин айтымында, миграция глобалдык жылуулукка байланыштуу маселелерден алыстоого жардам берет. Ошондой эле астероиддин кулоосунан да кутулуга пайдасын тийгизет. Анын оюнча ушул жол аркылуу гана адамзат өмүр сүрүүсүн уланта алат.

Ссылка: https://barometr.kg/content3305



Добавить комментарий