Ананьеводогу жарылуудан жабыркагандардын дагы бири көз жумду

30 июнь 2017 14:43 453 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаракат алган эки адам жандандыруу бөлүмүндө жатат. Абалдары оор.
Ананьеводогу май куюучу жайындагы жарылуудан жабыркаган дагы бир адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево айылында 19-июнда, саат 17.15де май куюучу жайда жарылуу болуп, ата-баланын өмүрүн алган.
Кырсыктын кесепетинен дагы сегиз адам жаракат алган. Алардын бири 22-июнда ооруканадан көз жумган.
Шаршемби күнү 27-июнда 69 жаштагы киши көз жумду. Жарылуудан улам анын денесинин 65 пайызы күйүп калган.

Бишкек шаардык травмотология жана ортопедия улуттук борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков дагы эки адам жандандыруу бөлүмүндө жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына маалымдады. "Алар оор абалда. Бейтаптардын 60 пайыз териси күйүп калган. Дарыгерлер алардын жашап кетиши үчүн бардык аракеттерди көрүп жатышат. Дагы үч адам күйүк бөлүмүндө жатат", — деди Жумабеков.

Ал ошондой эле жабыркагандардын арасында өспүрүмдөр жок экенин кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/content3300



Добавить комментарий