Боюнан алдырган өспүрүм кыздардын саны артты
2015-жылдын эсебинен 20 жашка чейинки боюнан алдырган кыздардын саны 2000ге жеткен.Бул тууралуу Кыргызстандын улуттук статистика комитетинен билдиришкен. Жалпы 2014-жылга салыштырганда Кыргызстандагы жалпы боюнан алдыруулардын саны 20 пайызга өскөн.
Жаш кыздардын жарык дүйнөгө келе элек түйүлдүктөрдүн жанын кыйып жаткандарынын бир канча себептери бар экендигин жеке төрөтканалардын биринин дарыгери акушер-гинеколог Марина айым маалымдады:
“Бизге боюнан алдыруу маселеси боюнча кайрылгандардын саны күн санап өсүүдө. Бири жаңы эле бала төрөп, ал чоңоё электе кайрадан боюна бүтүп калгандар болсо, экинчиси балдары удаа удаасы менен төрөлгөндөн улам багуудан кыйналабыз дегендер кайрылышат. Соңку күндөрдө алданып боюна бүтүп калган же бала төрөө таптакыр оюнда жок болуп жөн гана кокустан боюна бүтүп калып айласыз түйүлдүктү алдырып салууга келген жапжаш мөлтүрөгөн кыздарды көргөндө ушунчалык зээнин кейийт.”
Дарыгерге кезек күтүп олтургандардын ичинен капалуу жана бир аз жүдөнкү билинээр-билинбес болуп чыгып калган курсагын улам- улам кымтыланып олтурган жапжаш келинге көңүл бурбай коё алган жокпуз.Анткени ал күнү жалаң гана боюнан алдыруучуларды кабыл алуучу күн экендигин бир аз мурунураак билген элек. Өзүн Карина деп тааныштырган айым төмөндөгүлөрдү баяндады:
Турмушка чыкканыма 5 жыл болуп калды удаа-удаасы менен 2 уул 1 кыздуу болдук. Азыркы учурда 4 айлык боюмда бар. Мен үйдө балдар менен болуп иштебейм күйөөм менен кичи райондордун биринде батирде турабыз. Акча жагынан кыйналабыз 3 балабызды араң кийиндирип, тоюндуруп жаткан кезибиз,анын үстүнө балдарым да жаш. Жолдошум баланы алдыр деди, дарыгерлер бала 4айлык болуп калыптыр наристени алып салууга кыйыныраак деп жатышат.Чынын айтсам өзүм да таптакыр баламдын жанын кыйууга каршымын, аябай кыйналып жатам эмне кылаарымды билбей башым маң,-дейт Карина айым.
Өткөн жылдын эсеп маалыматына таянсак өлкө боюнча 25 миңге жакын түйүлдүк наристе жарык дүйнөгө келбей калган.
Жаш өспүрүм курактагы кыздар менен иштөөдө бир топ тажрыйбасы бар психолог Асыл айым кандай болгон күндө да кыздар коом жана ата-энеси тарабынан колдоого алынышы керектиги айтат:
“Азыр жаңылыштык менен өспүрүм курактагы кыздар боюнан алдырып жатышат. Бул кадамга алар баардыгын түшүнүп, кийин балалуу болбой калаарын да эске алуу менен, түйүлдүктөн арылгандан кийин ден-соолугу начарлашын билип туруп барып жатышат. Мындай кырдаалга туш болгон секелек кыздар психологиялык жактан оор жаракат алып, чөйрөдөн жатыркап коомдук жашоодон четтеп калышаары турган иш.”
Асыл айым жаңылыштык кетирип адашкан күндө да ата-эне бир туугандары ал кыздын келечегин ойлоо менен кызга моралдык жактан колдоо көрсөтүүлөрү зарылэкендигин. Ал эми тарбия ишине келсек кызын ал кадамга чейин жеткирбей ата-энеси бул иштин алдын алууга милдеттүү деген пикирде.
Кош бойлуу аялдардын, айрыкча турмуш кура элек кыздар үчүн баланы алдырып салуусунун эң негизги себеби коомдогу терс көз караштар, ата-эне, бир-туугандарынын кысымы, эң негизгиси жаш кыз менен баланын ата-эне болууга даяр болуп, жоопкерчиликти мойнуна ала албагандыгы менен байланыштырат баатыр эне Сайрагүл апа:
“Азыркы жаш муундун мүнөзү жана жашоого болгон көз карашы да таптакыр башкача. Муну мен бир гана үй-бүлөдөгү тарбия менен байланыштыра алам. Ата-эне балдарына көңүл бөлбөйт башка нерселер менен алек. Баласынын эмне кылып кайда жана ким менен жүргөндүгү аларды түк кызыктырбайт. Айылдан шаарга окуганы иштегени келген кыздарын, балдарын таптакыр көзөмөлдөбөйт.
Сайрагүл апанын айтымында баардык үй-бүлөдө ушундай деп айтуу жаңылыштык болоорун. Жагымсыз окуяларга туш болгондо аларды колдоонун ордуна болушунча күнөөлөп, эл журтка уят кылдың деп моралдык жактан кээбир учурда физикалык жактан да кыздарын кысымга алышаарын. Жаш кыздарыбыздын жеңил ойлуулукка алдырып кош бойлуу болуп калгандан соң эч кимге билдирбей наристесинин жанын кыйып, түйүлдүктөн арылып жаткандарына ата-эненин күнөөсү тоодой экендигин баяндады.
Чындыгында бул абдан курч маселе экендиги айтпаса билинип турат. Жашы жете элек секелек кыздардын, келиндердин мындай жагдайга дуушар болгондугуна коомдун кайдыгер мамиле жасагандыгы өлкөнүн келечегине балта чапканга барабар, деп эсептешет айрым адистер.
Ссылка: https://barometr.kg/content330
Добавить комментарий ×