Маршрутканын айдоочусу аялдаманы сүзүп, жүргүнчүлөрдү таштап качып кеткен

30 июнь 2017 11:08 837 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда кичи автобус жол кырсыгына кабылып, айдоочусу качып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 29-июнь күнү саат 18:50 чамасында болгон. Анда жүргүнчүлөрдү ташыган «Mercedes-Sprinter» үлгүсүндөгү кичи автобус жолдун түндүк тарабындагы аялдаманы сүзүп, оодарылып кеткен. Ал эми айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Жаракат алгандар жок.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3278



Добавить комментарий