Президенттик стипендия тууралуу жобо бекитилди
Бөлүшүү:
Президент Алмазбек Атамбаев жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине президенттик стипендияны дайындоо жөнүндө жобону бекитүү жарлыгына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, президенттик стипендия шыктуу жаштарды колдоо, алардын чыгармачыл эмгектерине жана демилгелерине баа берүү максатында уюштурулат.
Токтомдун аткарылышын президенттик аппараттын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча бөлүмү көзөмөлдөйт.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ссылка: https://barometr.kg/content3267
Добавить комментарий ×