Министрлик курман болгон милиция кызматкеринин жакындарына көңүл айтат

30 июнь 2017 09:25 809 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ушул жылдын 28- июнь күнү Чолпон-Ата шаарында жол эрежесин көзөмөлдөө менен коомдук коопсуздукту камсыздап кызматтык милдетин аткарып жаткан учурунда Ысык-Көл ОИИБдин Патрулдук милиция органынын Патрулдук милиция боталионундагы 1- взводунун милиционери, милициянын прапорщиги 35 жаштагы Медеров Нурмат Кыдырмышевич курман болду. ИИМдин жетекчилиги, Коллегиянын мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши менен Генералдар клубу, андан сырткары ички иштер органынын курамы курман болгон милициянын пропорщиги Медеров Нурматты кайгыруу менен жоктоодо. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Биз ар дайым жылуу сөздөр менен эскерип турабыз. Кесиптештеринин арасында жоопкерчиликтүү, абийирдүү, боорукер кызматкер катары эсибизде кала берет. Жакын адамдарына терең кайгыруу менен көнүл айтышат. Медеров Нурматтын жаркын элеси ар убак биздин жүрөгүбүздө сактала бермекчи.

Ысык-Көл ОИИБдин Патрулдук милиция органынын Патрулдук милиция боталионундагы 1- взводунун милиционери, милициянын прапорщиги Медеров Нурмат Кыдырмышевич 1981-жылы 11-августта Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында туулган. 2012-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУ бүтүргөн. Ички иштер органдарында 2008-жылдан бери иштеп келген. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы: тун уулу-11, эки эгиз кыздары-9, кичүүсү баласы-2 жаштагылар.

 Кызматттык милдетин аткарып жаткан учурда курман болгон патрулдук милициянын кызматкерин акыркы сапарга узатуу тажиясы 30-июнда саат 11:00 чамасында Григорьевка айылында болот.

Ссылка: https://barometr.kg/content3261



Добавить комментарий