Лондондогу имараттагы өрт муздаткычтан улам келип чыккан

28 июнь 2017 17:17 381 Barometr
Бөлүшүү:
ok

14-июнь күнү Лондондо болгон өрттүн себептерин изилдөө иштеринде ал муздаткычтан улам келип чыкканы белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, муздаткычтын тоңдуруучу камерасы белгисиз себептерден улам жалындап күйүп кеткен. Ошого карабастан британ полициясы ишти аягына чейин изилдеп чыгышмакчы.  Өрттүн натыйжасы болуп көрбөгөндөй чоң жоготууларга алып келген.

24 кабаттуу имараттын сыртын оңдоп-түзөтүү иштери менен алектенген компания үнөмдөп калуу максатында арзан жана өрткө жакшы туруктуу эмес материалдарды колдонушкан. ММК билдиргендей, ар бир квадрат метр аларга 2 фунт стерлингге арзан турган.

Эскерте кетсек, Лондондогу өрт түн жарымда башталып, эртеси күндүз гана өчүрүүгө мүмкүн болгон. Андан улам 79 адам каза болгон. Полиция кабарлагандай кээ бир өлүктөрдү идентификациялоого да мүмкүн болбогудай күйүп кетишкен. Турак жай 150 батирден турган жана анын баардыгы күйгөн. Өрт башталган учурда батирлердин ичинде 600 гө жакын адам болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/content3243



Добавить комментарий