150 туристти менен кеме сууга чөгүп кетти
Колумбиянын түштүк-батышындагы Пеноль суу сактагычында 150 турист минген кеме сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу “nation-news.ru” сайты маалымдайт.
Окуя болгон жерге куткаруучулар иш алып барышууда. Ошондой эле аскердик аба күчтөрүнүн тик учактары да тартылды. Каза болгондор менен жабыркагандар туурасында азыр маалымат жок
Жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын айтуусунча үч адам көз жумган. Дагы 30 га жуук турист жоголгондугу тууралуу кабарланат.
Аман калган туристтердин айтуулары боюнча, кемеде адамдардын көп болгондугуна байланыштуу сууга чөккөн. Буга кошумча туристтердин эч биринин да куткаруучу жилетти болгон эмес.
“Twitter” тармгына кеменин сууга чөгүп бара жаткан учуру тартылган видео тараган.
Ссылка: https://barometr.kg/content3229
Добавить комментарий ×