Кыргызстандын аймагынан эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды

28 июнь 2017 11:37 476 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын аймагынан эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кармалгандардын баары Кыргызстандын жарандары- 1983ж.т.  «О.Д.»,  1989 ж.т.  «Р.Н.», 1986 ж.т.  «К.С.» жана 1996 ж.т.  «Я.Р.». Алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Аныкталган боюнча ЭТУ мүчөлөрү колго жасалган жардыруучу зат жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү максатында чек арага жанаша аймактарда бир катар террордук акцияларды уюштурууну даярдап жатышкан.

Бул факты боюнча УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 27-226 (Терроризм актысын даярдоо), 226-1 (Террорчулук ишти финансылоо), 229 (Мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуундарды уюштуруу жана ага катышуу), 241 (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) жана 299-2 (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жарандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.Тергөө жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content3212



Добавить комментарий