Ошто республикалык олимпиадага катышкан окуучулар сыйланды
Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабына Ош облусу боюнча 35 окуучу катышты. Бул тууралуу Ош облустук өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча облустун тандалма командасынын 3 окуучусу биринчи, 1 окуучусу экинчи, 4 окуучусу үчүнчү орунга ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин I, II, III даражадагы дипломдорун жана баалуу белектерин алышты. Бүгүн жеңишке жеткен окуучулар менен алардын мугалимдерин КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов кабыл алып, Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле, ал окуучуларды олимпиадага даярдаган мугалимдер да сыйланды.
Ссылка: https://barometr.kg/content3205
Добавить комментарий ×