Жамангулов КМШ ЖПААнын координатору болуп шайланды
Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жамангулов КМШ ЖПААнын координатору болуп шайланды. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги IX сессиясынын жүрүшүндө белгилүү болду.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жаш парламентчилердин эл аралык иш-чарасына Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Молдованын, Россиянын, Республики Таджикистан, Кыргызстандын парламентчилери жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.
Иш-чарада терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, коргоо жана коопсуздук, Жаштар менен студенттердин Бүткүл дүйнөлүк XIX фестивалын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү, тууралуу маселелер талкууга алынды.
Андан сырткары, КМШга мүчө-мамлекеттердин Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги IX сессиясынын кечээ, 26-июндагы отурумунда Жогорку Кеӊештин депутаты Акылбек Жамангулов КМШ ЖПАА координатору болуп шайланды.
Ссылка: https://barometr.kg/content3204
Добавить комментарий ×