Бишкекте «TENGRI music 2017» классикалык музыка фестивалынын ачылыш болот

28 июнь 2017 10:54 414 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 28-июнда кечки саат 19:00дө Бишкектин Түштүк дарабазасындагы «Жеңиш» паркында эл аралык «TENGRI music 2017» классикалык музыка фестивалынын ачылыш болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Аталган иш-чара Кыргызстандын прездентинин аппаратынын колдоосу жана Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган.

Жыл сайын өтүүчү классикалык фестивалга АКШ, Греция, Италия, Австрия, Азербайжан, Түркия, Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Европадан келген музыканттар катышат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3203



Добавить комментарий