Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин Бишкек шаарына расмий иш сапар менен келди

28 июнь 2017 10:47 572 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бүгүн, 28-июнда Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин Бишкек шаарына расмий иш сапар менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Мейманды Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Данияр Төлөнов «Манас» эл аралык аэробекетинен тосуп алды.

Белгилей кетсек, расмий иш сапардын алкагында В.Володин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен тар жана кеӊири чөйрөдө жолугушуп, эки тараптуу мамилелер, парламенттер аралык кызматташтык мамилелер жаатында пикир алышмакчы.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3202



Добавить комментарий