Биз жөнүндө

12 январь 2014 16:58 397 root
Бөлүшүү:
ok

Barometr.kg сайтынын жамааты адам турмушунун маанилүү аймактарында басым, ал- акыбал кандай- ушуну так- таасын өлчөгөн аспап, барометр болушка умтулат. 

Биз- жаңылыктарга жакынбыз. Иргеп, баалап, сизге керектүүсүн ток этер сөз менен жеткирип турабыз. Биз эксперттер, адистер жамааты менен тыгыс кызматташабыз. Сиздин бүйүрүңүздү кызыткан маселелер боюнча аналитикалык материалдарды байма- бай берип турабыз. Биз маанилүү окуялар жаатында ар кыл ой- пикир болушу мүмкүн деп эсептейбиз. Ошондуктан тигил же бул коомдук, инсанаттык окуяга тиешеси бар же аны жакын билген адамдардын ой- пикирин сиздерге жеткиргенге дилгирбиз. Биз окурман үчүн иштейбиз. Ар кандай маанилүү маселелер боюнча так, айкын маалыматтарды кабарлап турууга аракет кылабыз. Биз - өз ишибиздин адисибиз. Кызыккан тараптарды кызматташууга чакырабыз. 

Редакция жамааты.

Байланыш телефону - 0(559) 18 15 81. Электрондук почталар  - barometrsales@gmail.com жана barometrkg@gmail.com


Ссылка: https://barometr.kg/content32



Добавить комментарий