Ат-Башыда дүйнөдөгү эң чоң шырдак 4000 долларга сатылды
Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылында диаметри 10 метрди түзгөн тегерек шырдак жасалды. Аны элеттик аялдардан турган "Чебер колдор" коомдук бирикмесинин уздары жасаган. Бул дүйнөдө жасалган шырдактардын эң чоңу болуп калышы мүмкүн.
Кол өнөрчүлөрдүн жетекчиси Тоюмбүбү Аманованын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргенине караганда мындай көлөмдүү шырдакты даярдоого эки ай убакыт кеткен.
"Элеттик аялдар өзүбүзчө бирикме түзүп 2000-жалдан бери ала кийиз, шырдак жана кийиз буюмдарын жасап иштеп келе жатабыз. Буга дейре диаметри 9 метрге чейинки шырдактарды жасачубуз. Мындай көлөмдүүсүн биринчи жолу жасадык. Жалпысынан 6 чебер жана жардамчылары менен кошулуп 15 адам эмгектенди", — деди "Чебер колдор" бирикмесинин жетекчиси.
Аманова бул шырдакты жеке ишкер Ысык-Көлдө боз үй формасында курулган конок үйүнүн ичин улуттук стилде жасоо максатында атайын буюртма бергенин билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/content3189
Добавить комментарий ×