Президент Алтайчылар форумуна дыкат даярдык көрүүнү тапшырды

27 июнь 2017 14:05 508 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-июнда, кеңешчиси Мира Карыбаеваны кабыл алып, Кыргызстанда 2017-жылдын 20-22-июлунда өтө турган “Алтай цивилизациясы жана алтай тил бүлөсүнүн тектеш элдери ” эл аралык форумун өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эл аралык форум Евразиянын кеңири аймагында жашаган элдердин жалпы алтай тил бүлөсүнүн, этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштарынын негизинде гуманитардык байланыштарын чыңдоого багытталган илимий изилдөөлөрдүн, билим берүү жана маданий долбоорлорунун жыйынтыктарын талкуулоо үчүн жаңы аянтча болуп калат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3169



Добавить комментарий