“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын курултайы өтүп жатат

27 июнь 2017 12:39 429 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 27-июнда Бишкекте  “Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынын курултайы өтүүдө. Бул тууралуу kaganat.kg булагы кабарлады.

Курултайга  партиянын саясий кеӊешинин мүчөлөрү,  өлкө аймактарынан келген делегаттар ошондой эле массалык маалымат каражаттарынын  өкүлдөрү жана башкалар катышып жатат. Курултайда быйыл 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого партия лидери Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги бектилилери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 19-июнда Бишкекте “Ак Шумкар” саясий партиясынын VII съезди өтүп, партия лидери Темир Сариевди президенттик шайлоого көрсөтүлгөн.

Учурда  президенттикке талапкерлердин бешөө  БШКнын каттоосунан өттү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3162



Добавить комментарий