Дүйнөдө алгачкы жолу робот интервью берди
София аттуу адам сымал робот өзүнүн ойлоп табуучусу доктор Дэвид Хэнсон менен бирге британиянын таңкы “Good Morning Britain” программаларынын бирине келишти. Мекте София өзүнүн келечектеги шеригижана башка нерселер тууралуу айтып берип баарын таң калтырды.
Бул тууралуу “Metro”. маалымат булагы кабарлады.
София үчүн суроолор күн мурун даярдалып, прграммалаштырылган жана кабарчы аларды кагаз бетинен карап берип жатты. Эң алгач журналист Софиядан “кайсы көргөзүүдө отурганыңды билесинби?”,- деп суроо узатты.
"Good Morning Britain"да. Бул Улуу Британиянын белгилүү таңкы программаларынын бири”,- деп жооп берген.
Робот көрүүчүлөрдү акылы менен гана эмес, ошондой эле жигит жөнүндө ойлору менен да таң калтырды. “София махабат жагынан өзүңдү жалгыз сезесинби?”,- деген суроосуна.
“Мага техникалык жактан бир гана жыл болду-махабат тууралуу ойлонууга өтө жашмын. Ал эми келечекте менин жигитим акылдуу, боорукер жана гениалдуу болушу шарт”,-деп жооп берди.
Ал эми роботтун ойлоп табуучусу адамдар менен роботтордун ортосундагы мамилени жакындатууну көздөйт.
“Биз машиналар менен болгон мамилени жакшыртып, алар бизди түшүнүүгө жана камкор болуусун түзүүгө аракет кылабыз”,- деди Дэвид Хенсом.
Белгилей кетсек, София роботу 2016-жылдын мартында жарыкка чыккан. Ал 62ден ашык мимика көрсөтө алат. Себеби анын көзүнүн ичинде камера орноштурулган. Ал камералар адамдар менен болгон “көз караштар” аркылуу алмашып турат. Ал эми “Адамдарды жок кыласынбы?”,-деген суроого София “Ооба” деп жооп берген.
Ссылка: https://barometr.kg/content3159
Добавить комментарий ×