Атамбаев Пакистандын президентине көңүл айтты
Президент Алмазбек Атамбаев Пакистандын Пенджаб провинциясындагы адамдардын өмүрүн алган өрткө байланыштуу өлкө президенти Мамнун Хуссейнге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
«Каза болгондордун жакындарына кайрат сөзүмдү жана жабыр тарткандардын сакайып кетишине тилектеш оюмду жеткирип коюңузду өтүнөм",-деп айтылат өлкө башчынын Пакистан президентине жөнөткөн телеграммасында.
Эскерте кетсек, күн мурун 25-июнда Пакистандын Бахавалпур аймагында күйүүчү май ташуучу унаадан агып жаткан күйүүчү май уурдап жатышканда жарылуу болгон. Өрттө 153 адам каза болуп, 117 адам жаракат алган. алардын көпчүлүгү оор абалда экени маалымдалууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content3155
Добавить комментарий ×