Президент “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга кол койду

27 июнь 2017 10:48 1103 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 25-майында  кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзам Ысык-Көл  көлүнүн сейил бактык-пляждык зонасынын жер участокторун ижарага берүү маселелерин тактоого жана  ижарачылардын, менчик ээлеринин (ишкерлердин) сейил бактык-пляждык зонаны коргоо укуктарын кеңейтүүгө багытталып, төмөндөгү максаттарды көздөйт:

- тартипти, эс алуучулардын коопсуздугун, мүлктүн сакталышын камсыз кылууну;

-жаныбарлардын сейил бактык-пляждык зонаны булгоосуна жол бербөөнү;

-ижарачынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечими боюнча сейил бактык-пляждык зонанын аймагын көрктөндүрүү жана тартипке келтирүү боюнча өткөрүлгөн иштердин учурларынан тышкары, транспорт каражаттарынын киришине жана башка техниканын пайдаланылышына жол бербөөнү.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3150



Добавить комментарий