Айт күнү Ошто автобустар элди бекер тейледи

27 июнь 2017 10:43 456 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Ош шаарында Айт майрамын шаардыктар жакшы маанайда белгилешти. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мына ушундай саамалыктардын ичинен эң эле өзгөчөсү шаардык муниципалдык транспорттордун элге акысыз кызмат көрсөтүп жатканы болуп жатат.

Шаар мэри А.Кадырбаевдин шаардыктарга майрамдык маанай тартуулоо максатында кабыл алган бул чечимин Оштун тургундары жана меймандары аябай жылуу кабыл алып, алкап жатышат.Автобуска чыккан жүргүнчүлөрдүн маанайлары жакшы, кээлери ишенип-ишенбей таң калууда.

Буга далил катары 71 жаштагы Кулатов кичи районунун тургуну өмүрүндө биринчи жолу Айт майрамында элди бекер ташыган автобусту көрүп жаткандыгын айтып, мындай шарт түзүп берген шаар жетекчилигине ыраазылыгын билдирди.

Дагы бир шаар тургуну С.Абдыкадырова үчүн бул иш-чара күтүүсүз болгонун айтып, майрамдык белек үчүн ыраазылык билдирип, мындан кийин да ушул сыяктуу иш-чараны көп-көп өткөрүп турууну сунуштады.

Анткени мындай кадам шаар тургундарына жана меймандарына жалаң позитив тартуулап, шаар башчысынын бул демилгеси колдоого аларлык иш деген оюн билдирип кетти.

Автобустарга жана троллейбустарга чыккан жүргүнчүлөргө ар бир аялдамада айдоочулар микрофон аркылуу акысыз тейлөө болуп, жол кире бекер экендигин эскертип турушат.

Эскерте кетсек, 25-июнь Айт майрамында Ош шаарынын мэри А.Кадырбаевдин буйругу менен шаардагы муниципалдык транспорттор бир күн кечке тургундарды акысыз тейлешти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3149



Добавить комментарий