BuzzFeed: Орусия АКШдагы элчиси Сергей Кислякты чакыртып алууда

27 июнь 2017 10:31 412 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бул тууралуу жекшембиде BuzzFeed интернет басылмасы өз булактарына шилтеме кылып билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

 Кисляктын АКШдан чыгып кетүүсү июлдун ортосуна пландалып, 11-июлда анын урматына коштошуу кечеси белгиленген.

Дипломаттын ишмердүүлүгү Орусиянын АКШдагы демократиялык жараяндарды бузуу фактыларын иликтеп жаткан Конгресстин бир канча комитетинин көңүл борборундагы негизги маселеге айланган. Териштирүү иштеринин жыйынтыгында Кисляктын кийинчерээк Башкы прокурор болуп дайындалган сенатор Жефф Сешнс жана Трамптын кеңешчиси, күйөө баласы Жаред Кушнер менен жолукканы аныкталган. Анда Ак үй менен Кремлдин ортосунда жашыруун байланыш каналдарын түзүүнүн келечектери талкууланган. Бирок Сешнс дагы, Кушнер дагы бул жолугушуулар тууралуу өз учурунда билдиришкен эмес.

Май айында Мамдуманын эл аралык иштер боюнча комитети ТИМ башчысынын орун басары Анатолий Антоновдун Орусиянын АКШдагы элчиси кызматына талапкерлигин колдогон.

Ссылка: https://barometr.kg/content3146



Добавить комментарий