Ош шаарынын борбордук аянтында Айт намазын 15 миңге жакын адам окуду

27 июнь 2017 10:23 436 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 25-июнда Ош шаарында Айт майрамынын башталышы салттуу Орозо айт намазын окуу менен башталды. Аба-ырайы салкын болуп, борбордук аянтка келген адамдардын маанайлары жакшы экендиги байкалат.  Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Айт намазына келгендердин сап башында Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев, ИИМдин 1-орун басары С.Өмүрзаков, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн орун басары А.Махамадов жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдор катышышты.

Намаз убактысы келгенге чейин аянтта Ыйык Куран аяттары окулуп, андан соң Ош шаарынын казысы У.Сарыбаев келгендерге куттуктоо сөзүн айтып, Айт намазынын маанисин түшүндүрүп, жалпы элге ыймандуулук, сабырдуулук жана ата-энени урматтоо тууралуу баян жасады.

Ал эми куттуктоо сөзгө чыккан Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев шаардыктарды Айт майрамы менен куттуктап, төмөнкүлөргө токтоду: - Урматтуу мусулмандар, мына ошентип быйылкы Ыйык Рамазан айы менен коштошуп, Айт намазын окуу алдында турабыз, былтыр дал ушул күнү ушул жерден келерки жылкы Айт намазын дагы биргеликте ушул жерде окуганга насип кыл деп тилек кылган элек, мына ошол тилек ниеттерибизге Жараткан Алла кайрадан жеткирип отурат, биз буга көп шүгүрлөрдү айтышыбыз керек. Дээрлик бир айга созулган орозодо туткан орозолорубузду, кылган ибадаттарыбызды Жараткан өзү кабыл кылсын. Мындан тышкары Рамазан айы бизге достуктун, ыймандын, маданияттын бекемдиги жана кайрымдуулуктун колу узарган ай болуп кала бермекчи.Ушул жерге чогулган ар бир жарандын изги тилектерин,дуаларын, ибадаттарын Жараткан Алла кабыл кылсын. Мындан бир нече жыл мурун ушул аянтта намаз окулат деп эч кимибиздин оюубузга да келген эмес. Бүгүн болсо минтип эл батпай, намазга топтолуп отурат.

Бул да болсо Кудай Тааланын жакшылыгыдыр. Сөзүмдүн акырында дагы бир жолу баарыңыздарды Айт майрамы менен жеке өзүмдүн жана мэриянын атынан куттуктап коюуга уурксат этиңиздер. Айтыңыздар маарек болсун!”-деди калаа башчысы.

- Андан кийинки сөзгө чыккан шаардык кеңештин төрагасы Ж.Ормонов дагы шаардыктарды Айт майрамы менен куттуктап, өз каалоосун айтып өттү.

Быйылкы Орозо айы 29 күн менен аяктап, 30- күн Айт майрамы катары Кыргызстандын бардык аймагында белгиленүүдө.Кошумчалай кетсек Айт майрамына карата Ош шаарынын муниципалдык транспорттору жүргүнчүлөрдү акысыз тейлешет.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3144



Добавить комментарий