Астанада 4-5-июлда Сирия сүйлөшүүлөрүнүн бешинчи айлампасы өтөт

27 июнь 2017 10:16 491 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Астанада Сирия боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн кепил мамлекеттер куралдуу оппозициянын катышуусун күтүп жатат. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Кайрат Абдрахманов 4-5-июлда өтө турган сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасына көрүлгөн даярдыктар жөнүндө айтып берип жатып билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Казакстан ТИМ башчысынын маалыматы боюнча сүйлөшүүлөргө Орусия президентинин атайын өкүлү, Орусия тышкы иштер министринин атайын өкүлү, Иран менен Түркиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары келишет. Кайрат Абдрахмановдун айтымында, сирия өкмөтү менен куралдуу оппозициянын катышар-катышпасы азырынча белгисиз.

Сүйлөшүүлөр алгач 12-13-июлга белгиленген, бирок кийин белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Астанадагы Сирия боюнча буга чейинки сүйлөшүү “деэскалация зоналарын” түзүү боюнча меморандумга кол коюу менен аяктаган. Орусия сунуштаган бул планды сирия оппозициясы четке каккан.

Жолугушууга БУУнун атайын чабарманы Стаффан де Мистура да келерин ырастаган. АКШ байкоочу иретинде өз өкүлүн жиберери күтүлүүдө.

Сирия жаңжалында Иран менен Орусия президент Башар Асаддын режимин колдошот, ошол эле маалда Түркия анын каршылаштары – суннит козголоңчуларын жактайт.

Ссылка: https://barometr.kg/content3141



Добавить комментарий