Ош шаарында муниципалдык кызматка жаңы кирген жаштар ант беришти
Кечээ, 23-июнда Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү салтанаттуу белгиленди. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө шаардын муниципалдык кызматтарына жаңы орногон жаштар Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык ант берип, муниципалдык кызматка расмий киришти.
Жаш кызматкерлерге Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынан Кыргызстандын өнүгүп өсүүсүнө салып кошуп, эл үчүн кызмат кылып жүрө бергиле деген тилектер камтылган атайын белектер тапшырылды
.Салтанатка Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Калыбек Алышбаев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
Алдынкы кызматкерлерге Ош шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын, шаардык кеңештин ардак грамоталары, баалуу белектери тапшырылды.Отправлено:12:32От:Гульнур Жумалиева
Ссылка: https://barometr.kg/content3110
Добавить комментарий ×