Бишкекте агроөнөржай көргөзмөсү өткөрүлөт

23 май 2016 18:14 486 Barometr
Бөлүшүү:
ok

23-май күнү Кабар маалымат агенттигинде  Эл аралык «Айыл Агро – 2016» агроөнөржай көргөзмөсү туурасында пресс-конференция өткөрүлдү. Бул боюнча  маалымат  Кыргыз Республикасынын  Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин   сайтында жарыяланды.

  4-ирет өтүп жаткан бул   көргөзмө 2016-жылдын 25-майында саат 10:00 дө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы аянтта ачылып, анын  жалпы аянты 7000 чарчы метрди түзөт.  Аталган иш-чарада  
дүйнө жүзүнүн 20 өлкөсүнөн 32 техника чыгарып, сатуучу фирмалар жана заводдор  катышат. Дүйнөдөгү белгилүү болгон  Клаас, Лемкен, Джон Дир, Гримме, Амазоне, «Россельмаш»  жана башка маркадагы айыл чарба техникаларынын бардык түрү   сунушталат.

   Мындан сырткары, көргөзмөдө боз үйлөрдөн турган улуттук экспозиция иштейт жана ал жерде 7 облуста өндүрүлгөн  айыл чарба продукциялары,  тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын    экспонаттары, улуттук буюмдар, белектер жана башка эл керектөөчү товарлардын үлгүлөрү көрсөтүлмөкчү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content311



Добавить комментарий