Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөн адам 4 жылга кесилди

24 июнь 2017 11:56 1633 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Ош облустук сотунун чечими менен милициянын полковниги, Ош облусундагы Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновду коргоо комитетинин төрагасы, облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров 4 жылга эркинен ажыратылды.

Мындай чечимди облустук сот 21-июнь күнү чыгарган. Абдылда Капаров бир тууган Жээнбековдор (Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбеков) 2010-жылы Ош окуясын жөнгө салууга бөлүнгөн акчаларды мыйзамсыз пайдалангандыгын айтып сындап келген.

Ошондой эле ал Текебаев жана Чотонов камакка алынганда Ош шаарында эл чогултуп нааразычылык акцияларын уюштуруп, Ош облусундагы Ө.Текебаев жана Д.Чотоновду коргоо комитетинин төрагасы болгон.

Эске салсак, Абдылда Капаров ушул жылдын 25-мартында камакка алынган. Ага укук коргоо органдарына жалган көрсөтмө берген, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөн деп айып тагылган болчу.

Булак: super.kg

Ссылка: https://barometr.kg/content3108



Добавить комментарий