Баңгини мыйзамсыз сактоо фактылары катталды
Үстүбүздөгү жылдын 22-июнь күнү КР ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүкызматынын өкүлдөрү менен Бишкек ШИИБдин кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан баңгини мыйзамсыз сактоо боюнча 8 фактыны катташты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Алынган баңги каражатынын жалпы салмагы 1 кг 860 граммды түздү. Ленин районунун “Арча-Бешик” жаңы конушунан КР ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө 29 жаштагы жаранды кармашты. Шектүүнү текшерүү учурунда наркотикалык зат табылып, экпертизанын жыйынтыгы менен 1 кг салмакты түзгөн марихуана экени тастыкталды.
Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246 беренеси (ири өлчөмдөгү баңгизатын мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана ташуу) боюнча кылмыш иши козголду. Бул фактылар боюнча тергөө иши уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content3107
Добавить комментарий ×