35 жаштагы аял баласы менен 15 метрлик аттракциондон кулап кетти

24 июнь 2017 11:35 2002 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ирандын түштүгүндөгү Боразджан шаарында эс алуу жайларынын биринде өзгөчө жагдай болуп өттү. Анда яал баласы менен бирге 15 метрлик аттракциондон кулап кеткен. Бул тууралуу Baq.kz сайты кабарлайт.

Соцтүйүндөрүндө эс алуу паркында дем алууга келген аял менен анын баласы  аттракциондон кулаган учуру түшүрүлгөн видео тарады.

Видеода көрүнгөндөй, 15 метр бийиктиктен 35 жаштагы аял менен 4 жаштагы бала кулап түшкөн.

Аял окуя болгон жерден көз жумган. Ал эми бала оор жаракат алган. Азыр анын жагдайы белгисиз.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсык атрракциондогу маселелерден улам келип чыккан.

Эскертүү: Нерви жукаларга көрүүгө болбойт!

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3106



Добавить комментарий