Катуу шамалдын кесепети

24 июнь 2017 10:56 560 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Катуу шамалдан улам борбордук аянттагы дарактар менен тосмолор кулады.
Бишкекте болгон шамалдын айынан дарактар, жол белгилери жана тосмолор кулады.

Буга чейин ӨКМ Бишкек менен Чүйдөгү шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге жете турганын эскерткен.
Күбөлөрдүн айтымында, Чүй проспектисинде жайгашкан дарактын чоң бутагы кулаган.

Ал эми "Ала-Тоо" аянтындагы темир тосмолор, жол белгилери кулап, "Илбирс" имаратынын чатыры учкан. Мындан тышкары, борбордук аянттагы негизги желек айрылып кетүү коркунучунда турат.
Лев Толстой көчөсүндөгү ири дүкөндүн биринин жанындагы дарак чорт сынып кетип, унаа үстүнө кулап түшкөн.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content3104



Добавить комментарий