ЕБ Орусияга каршы санкцияларды жарым жылга узартты

23 июнь 2017 17:27 351 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск ЕБге мүчө мамлекеттер Украинадагы конфликтке байланыштуу Орусияга карата санкцияларды дагы жарым жылга узартууну макулдашканын Твиттердеги баракчасына жазды. Жарым жыл мурун жарыяланган санкциялардын мөөнөтү 31-июлда аяктайт.

ЕБ жетекчилиги Москва 2015-жылы Орусия, Украина, Франция жана Германиянын лидерлеринин Минскидеги сүйлөшүүсүндө жетишилген келишимди аткарууга жетиштүү күч жумшабай жатат деп эсептешет.

Аталган уюм Орусияга каршы экономикалык санкцияларды 2014-жылы жарыялаган. Санкцияларды АКШ, Канада баштаган бир нече мамлекет да киргизген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3090



Добавить комментарий