Казакстанда жер сатууга каршы митинг өткөрүлмөк
Бөлүшүү:
21-майда Казакстандын бардык аймактарында жердин чет элдиктерге сатылышына каршы митингдер өткөрүлмөк. Бирок митингге чыккандарды полиция күчкө салып кармап кетүүдө. Кармалгандардын ичинде азыркы мезгилде “Азаттык” радиосунун казак кызматынын 8 журналисти да бар. Ал эми “Азаттыктын” сайты да 20-майдан бери Казакстанда ачылбай жатат.
Азыркы учурда митингге камданган жана ага чакырган делип кармалгандардын саны 30 кишиге жетти.
Маалымат "Азаттык" радиосунун баракчасынан алынды
Ссылка: https://barometr.kg/content309
Добавить комментарий ×