Сауд өнүктүрүү фондунан алынган жеӊилдетилген насыялык каражатка 16 мектеп курулат
Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы насыялык келишим каралып, баардык фракциялардын макулдугу менен ратификациялык мыйзам долбоору каралып, баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Өкмөттүн маалыматына караганда, бул каражатка 16 мектеп курулат.Эгерде каражат артып калса, ага да кошумча имараттар салынмакчы. Инвестициялык каражаттын жалпы көлөмү – 30 млн доллар (2 млрд 10 млн сом), үстөгү – 1 пайыз, төлөө мөөнөтү – 25 жыл.
Белгилей кетсек, бул келишим тармактык комитетте талкууланганда депутаттар Мамкурулуш агенттигине каражатты өз багытында жана сарамжалдуу пайдалануу, бир типтеги мектеп имараттарынын долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берген.
Ссылка: https://barometr.kg/content3080
Добавить комментарий ×