Бишкек-жашыл шаар

21 май 2016 16:08 897 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 21-май күнү Бишкек шаарындагы ботаникалык бакта “Жашыл Бишкек: Ботаникалык бактын кайрадан жанданышы” аттуу фестиваль өтүп жатат.

     Аталган иш-чара  шаарды жашылдандыруу боюнча мастер-класстар көрсөтүлүп, ар кыл өсүмдүктөрдүн көргөзмөсү, саамалыктын эң кичине конокторуна сүрөт тартуу боюнча мастер-класс уюштурулуп, ар кандай оюн-зоок, концерттик программалар менен коштолууда.

      Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жаткан фестивальдын башкы максаты — шаардыктардын жашоосу үчүн жашыл бак-дарактардын ролу чоң экендигин айтып түшүндүрүү, шаарда отургузулган жашыл дүйнөгө коомдогу адамдардын аяр мамиле кылуусуна чакыруу  болуп саналат.

        Аталган саамалык "Инициатива Арча" фондунун демилгеси менен өткөрүлүүдө.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content308



Добавить комментарий