Баткенде жана Сүлүктүдө аттракциондордун ишмердүүлүгү токтотулду

23 июнь 2017 14:33 455 www
Бөлүшүү:
ok

 Баткен жана Сүлүктү шаарларында жайгашкан эс алуучу жайларындагы аттракциондордун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдиргенин Кабар агенттиги жазды.

Алардын маалыматында, буга аттракциондор техникалык талаптарга жооп бербейт жана уруксат кагаздары жок иштеп келгендиги себеп болгон.

Мамэкотехинспекциянын инспекторлорунун текшерүүсүндө, Баткен шаарынын мэриясынын алдында 2 оюн-зоок аянтчасы жана Сүлүктү шаарындагы эс алуучу аттракциондорунун техпаспорту, атайын адистердин иштөөгө уруксат берүүчү кагаздары, ошондой эле, 20 жылдан бери оңдоп-түзөө, майлоо иштери жүргүзүлгөн эместиги аныкталган. Жеринде инспекторлор тарабынан мэрия өкүлдөрүнө бир айлык мөөнөттө аныкталган кемчиликтерди жокко чыгаруу боюнча эскертмелер берилип, аттракциондор электр энергиясынан ажыратылды. Коюлган талаптар аткарылганга чейин аталган аттракциондордун ишмердүүлүгү толугу менен токтотулду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3078



Добавить комментарий