Жалал-Абад шаарына жакын аймакта жер титиреди

23 июнь 2017 13:23 607 www
Бөлүшүү:
ok

Жалал- Абад шаарынан түштүк – батыш карай 27 км чакырым аралыкта жер титирөө катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 07:55 чамасында 3,5 баллга жеткен жер титирөө КР УИА Сейсмология институтунун сейсмостанциясында катталган.

Жер титирөөнүн борбору Кыргызстан аймагындагы Калта айылынан түштүккө карай 3 км , Шоро-Башат айылынан түштүк -чыгышты карай 5км , Жылынды айылынан түштүк-батышты карай 5 км , Ничке-Сай айылынан түштүктөн батышты карай 10км , Көк-Жаңгак шаарынан түштүк -чыгышты карай 20 км , Жалал-Абад шарынан түштүк -чыгышты карай 27 км, Ош шаарынан түндүк -чыгышты карай 55 км чакырым аралыкта катталды.

Ссылка: https://barometr.kg/content3068



Добавить комментарий