Жумакадыров кыргыз аскерлерин Сирияга жөнөтүү тууралуу: Бул маселе ЖККУ деңгээлинде көтөрүлгөн
Бир катар ЖМКлардын кыргызстандык аскерлерди Сирияга жөнөтүү тууралуу маалыматтары туура эмес. Бул тууралуу 23-июнда Бишкектен Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров билдиргенин kabar.kg агенттиги билдирди.
Анын айтымында, бул маселе ЖККУ деңгээлинде көтөрүлүп, деэскалация аймагына тынчтык орнотуучу контингентти гана багыттоо тууралуу сөз болгон.
“Бул маселе туруктуу кеңештин (ЖККУ) деңгээлинде гана көтөрүлгөн жана андан ары улана элек. Азыркы тапта бизге эч кандай расмий сунуштар жана пикирлер түшкөн эмес. Ошондуктан бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жок. Бир катар ЖМКлардын биздин аскерлерибизди Сирияга жөнөтүү мүмкүндүгү тууралуу билдирүүсү туура эмес. Кеп тынчтык орнотуучу контингент тууралуу гана болгон”, - деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content3066
Добавить комментарий ×