Жашы жете электерге энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салынды

23 июнь 2017 12:51 508 www
Бөлүшүү:
ok

  Жашы  жете электерге энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салынды. Тиешелүү мыйзамга   президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Буга чейин дарыгерлер алкоголдук кубат берүүчү суусундуктар организмге терс таасир тийгизерин билдиришкен. Мыйзамга ылайык төмөнкү жайларда спирттик ичимдиктерди жана энергетикалык суусундуктарды сатууга болбойт:

— Бала бакча, билим берүү мекемелери жана ага жакын аймакта, медициналык мекемелерде;

— Коомдук транспортто;

— Маданият, спорт борборлорунда;

— Ири иш чаралар өткөрүлгөн жерде, аскердик аймакта, унаада, колдо, чатырда. 

Жарандар аны атайын дүкөндөрдө сатып алуу үчүн паспортун көрсөтүшү керек. 

  

Ссылка: https://barometr.kg/content3061



Добавить комментарий