Белгилүү илимпозду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду

23 июнь 2017 12:45 1006 www
Бөлүшүү:
ok

 Кыргыз Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, УИАнын академиги Какин Сулайманкуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда УИАнын басма сөз кызматы билдирди. Коштошуу аземине КРнын Президенттик аппаратынын, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана окумуштуунун жакындары катышты.

К.Сулайманкулов 1933-жылы Кемин районунун Новороссийка (азыркы Шабдан) айылында жарык дүйнөгө келген. Ал 1953-жылы КМУну артыкчылык менен бүтүрүп, 1958-жылы Ростов мамлекеттик университетинен (Россия) аспирантураны аяктап, илимдин кандидаты наамына ээ болгон. Ата мекендик окумуштуулардын арасынан биринчилерден болуп 34 жашында докторлук диссертациясын жактаган.

Ал изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 600дөн ашык илимий эмгекти, монографияларды, 26 ойлоп табууларды жарыялаган. Жаңы техникада жана медицинада индикатор (детектор) катары колдоно тургандай кристалл фосфорлорун алуунун жаңы ыкмасын иштеп чыккан. Ошондой эле өтө таза деп эсептелген металлдарды алуунун жаңы методун киргизген.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3060



Добавить комментарий