«Үркүн үнү» китебинин ачылышы өтөт
Бөлүшүү:
20-май күнү саат 14:00 дө Бишкектеги Борбордук китепканада Ж.Байдилдеевдин «Үркүн үнү» аталыштагы китебинин презентациясы өтөт.
Бул боюнча мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, «Үркүн үнү» китеби 1916-жылдагы көтөрүлүштүн 100 жылдыгына арналган. Иш-чаранын максаты –китеп окууга болгон кызыгууну жогорулатуу болуп саналат. Презентацияга Кыргыз Улуттук университеттин студенттери менен бирге каалоочулар катыша алышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content306
Добавить комментарий ×