Твиттерге бөгөт койгону үчүн Медведевди сотко беришти
Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун кызматкери Георгий Албуров Твиттерине бөгөт коюлгандыгы үчүн Орусия премьер-министри Дмитрий Медведевди сотко берди.Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Георгий Албуров өкмөт башчынын Твиттерин окуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган.
Фонддун юристтеринин маалыматы боюнча Медведевдин микроблогу расмий булак болуп эсептелет. Себеби ал жерде Орусия өкмөтүнүн сайтына шилтеме берилет. Коррупцияга каршы күрөшүү фонду Медведев министрлер кабинетинин ачык иштөөсү тууралуу принципти бузду деп эсептейт.
Москванын Пресенск сотунда премьер-министрге каршы арыз катталган эмес.
Коррупцияга каршы күрөшүү фонду мартта Дмитрий Медведевдин мүлктөрү тууралуу иликтөө жарыялаган. Аны Орусия өкмөт башчысы “саясий митаамдардын жалган продукциясы” деп атаган.
Ссылка: https://barometr.kg/content3055
Добавить комментарий ×